айзада жамгырчиева биография год рождения

Айзада жамгырчиева биография год рождения

№708 27-май-02-июнь, 2016-ж

Акыркы учурларда теледен, жарнамалык түрмөктөрдөн такай көрүнүп жүргөн бир чырайлуу бийкеч бар. Анын алпаруучулук кесипке жаңы кадам таштап, бирин-серин клиптерге, кинолорго тартылып, жаңыдан чыгармачыл чөйрөгө баш багып келе жаткан чагы. Сизди бүгүн кыргыз тилинде так жана жагымдуу сүйлөгөн телеалпаруучу Айзада Жамгырчиева менен тааныштырабыз.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рожденияКААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Кызыл-Октябрь айылы
Туулган жылы – 1995-жыл, 23-август
Билими – КУУнун журналистика факультетинде 4-курста окуйт
Жакшы көргөн китептери – Ник Вуйчич «Чексиз жашоо”, Наполеон Хилл «Ойлон жана байы”
Жакшы көргөн тасмалары – «1+1”, «Титаник»
Учурда – КТРКда «Хит-парад”, «Үй-бүлөлүк лото»берүүсүн, НТС телеканалында «Не жаңылык?»юмордук долбоорун алып барат

– Cалам, Айзада, куш келипсиң! Сени биз телеалпаруучу катары жакшы тааныйбыз, журналисттик кесип эмнеси менен арбап алды?
– Саламатсыздарбы, сиздер маекке чакырганда аябай кубандым, окуучу кезимде «Супер-Инфону»аябай жакшы көрүп окуйт элем. Эски сандарын коробкаларга чогултуп сактап койчумун. Эми ошол жакшы көргөн гезитиме маек берип жатканым мен үчүн сыймык.
Журналист болуп калам деген ой үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Айылда чоң ата, чоң апаларды чогултуп алып шыпыргыны комуз кылып чертип ырдап, бийлеп бергендиктен көбү мени ырчы болот деп ойлошчу. Мектепти кызыл аттестат менен бүтүп, буйрук экен КУУнун журналистика факультетине тапшырып калдым.

– Мектептеги окууңду аяктап эле шаарга шашкан экенсиң да?
– «Ийгиликтүү адамдар дайыма шашып жүрүшөт»деп айтып калышат. Мен да окуумду бүтүп эле борбор калаага шаштым. Каникулда ата-энеме айтпай тигүү цехинде топчу тигип иштеп тапкан акчамды Нурзат Токтосунованын журналисттер мектебинде окууга жумшагам. Мындан сырткары «Тамашоу»менин чоң мектебим болду. Ал жакта 1 жыл «Нур”, 2 жыл «Айым style»командасында ойнодум. Андан кийин мени «Жаңы кыргыздар»юмордук долбооруна МАИчи кыздын ролуна чакырышты. «Тамчыдан көл куралат»дегенге аябай ишенем, меники баары майда нерседен башталды. Нурзат эже (ред. Токтосунова) менен Эрмек байкени (ред. Нурбаев) мага багыт, нук көрсөткөн, булактын көзүн ачкан инсандар деп билем.

– Учурда эки телеканалда иштейт экенсиң.
– Бизде бир телеканалда иштеген адам экинчи телеканалда иштегенге болбойт деген саясат бар эмеспи. Менде андай болгон жок, бир эле учурда эки башка телеканалда иштедим. Балким, мен штаттан сырткары иштегенге ошондой мүмкүнчүлүк берип коюшса керек. Келечекте көрөрман «бах, чиркин, тили бал экен, ташка тамга баскандай так экен» деп суктангандай «даамдуу»сөздөрдү сүйлөгүм келет. Кээде китеп окуп жаңы сөз таап алсам, 50 сом таап алгандай эле сүйүнөм. Биздин үйдө ата-энем чыгармачылыктан такыр алыс адамдар, мен эле искусствого жакын болдум. Өзүмдү кино тармагында да сынап жүрөм. Жакында эле Нурлан Мамакеевдин «Сюрприз»тасмасында чыр айымдын ролун аткардым. Ага кошумча жарнамалык роликтерге тартылдым. Айтор, өзүмдөгү бүт талантымды ачканга аракет кылып жатам.

– Кесибиңде көрө албастык, бут тосуу деген терс көрүнүштөргө кезиктиңби?
– Ийгиликке жетиш үчүн ар кандай тепкичтерден өтөсүң. Ооба, эфирден мени алып таштап, мага төп келбеген жаман сөздөрдү айтып шагымды сындырганга аракет кылышкан. Атаандаштык, көрө албастык адамды өстүрөт, бул нерсе жок болсо катардагы эле адам болуп каласың. Адам жашоодо сынбаса эч качан күчтүү болбойт, адам бардык абалда Жанна д’Арк болушу керек. Мени сындыра албай жүргөндөр көп, бирок аларга айтарым, мен ийилип калышым мүмкүн, бирок сынбайм.

– Сендей таланттуу кыздын жеке жашоосу да окуяларга бай болсо керек?
– Биз, кыздар, төрт тарабы төп келишкен идеалдуу мырзаны издей беребиз, бирок өзүбүз ошол нерсеге төп келгенге аракет кылбайбыз. Адам өзүнө дайыма «мен өзүм ошондой боло аламбы?» деген суроо бериши керек. Жакында эле бир күтүүсүз окуяга кабылдым. Жанымда эле жүргөн жакын дос балам сүйүүсүн билдирип, кыз-жигит бололу деген сунушун киргизди. Албетте, мен аны сыйлайм, урматтайм, бирок такыр жигитимдин ролунда карап көрбөптүрмүн, ичимден кызыктай болуп эле жолугушуудан кийин кантип үйгө жеткенимди билбей калдым. Учурда жүрөгүм бош.

Источник

Айзада жамгырчиева биография год рождения

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рожденияТүрдүү тармактарда өзүн сынап көрүү ар кимдин колунан келе бербейт. Ал эми сиз бул кызды бир күнү спорт менен машыгып жаткан видеосун көрсөңүз, экинчи күнү расмий иш-чарада алпаруучулук кылып жатканын, үчүнчү күнү ырчы катары сахнадан көрөсүз. Анда алдыңызда Айзада Жамгырчиева.

– Айзада, алпаруучулук, тамада, актриса, ырчылык. Дагы кайсы жактан өзүңдү сынап көрө элексиң?
– Өзүмдү келин катары, балдарымдын апасы катары сынай элекмин. Бир гана жолу өзүмдү келин катары сынасам деп көп тилейм. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дешет го. Талант ийне сымал, ал баары бир тешип чыгып кетет экен. Ташкындап турган учурда бардык нерсени кылып көргөн жакшы. Алпаруучулукту жактырам, тойдун акчасы жакшы дегендей.

– Анан «Манастан Чубак кем бекен?» деп ырдап чыгайын деп чечтиңби же бул алдыңа койгон максат беле?
– Ырчылык – бала кезимден эңсеген нерсе. Негизи ырчы болушум керек болчу. Кандайдыр бир башкача жол ачылып алпаруучулук жаатында өзүмдү сынап, ошол тармакта калдым. Кичинемде үйүбүздө бензин сатчубуз. Келген эл шыпыргы кармап алып эле ырдап жүргөнүмдү көрүшчү. Шаарга деле ырчы болом деген максатта келгем. Бирок жолдор дайым эле биз чийгендей болбойт экен. Эмне себептен алпаруучу болуп калганымды өзүм деле билбейм. Вокалдан сабак алгам, 3-4 жылдык билимим болбосо да үч ай окудум.

– Куюлуштуруп сүйлөгөн сөздөрүңдү кээде Назира Айтбековага окшоштурам. Таасирленгенсиңби?
– Назира эже менен 2012-жылы таанышкам. Ошол жылы мен анын ордуна «Алтынчы күнү кечинде» көрсөтүүсүн алпарып калгам. Кара чачыбызданбы, «келбети ң ер да, с ү йл ө г ө н үңө р да окшош» деп айтып калышат. Таап сүйлөгөнүбүз, кээде каап сүйлөгөнүбүз үчүн мүмкүн окшоштурбуз. Бирок мен таасирленген инсандар башка.

– Сөз баккан, сөз тапкан адам катары кандай китептерди окуйсуң?
– Социалдык тармактардан мага терс пикир көп жазышат. Ошол нерсени жеңе албай кеткен учурум болду. Марк Мэнсондун «Тонкое искусство пофигизма» деген китебин окуп чыктым. «Ораторское искусство» деген Чыңгыз Исмаиловдун китебин окудум. Адам жан дүйнөсү сүйүүгө суусап турса сүйүү тууралуу китептерди, ал эми өзүн-өзү издөө жолунда болсо психологиялык китептерди көп окугусу келип калат экен.

– Бир мырзаны сынап жүрөм дедиң эле, сындан өтпөй калдыбы?
– Ооба. Кыргыз мырзаларына үйгө келсе жылуу тамагын жасап, үйдө отурган аял жагат да. Мага окшоп тойго кетип калбашы керек (к ү л ү п). Той түнкү 12де бүтөт. Мен акчамды алгыча түнкү бир болот. Кийимиңди жыйнап, этек-башыңды жыйганча эки болот. Келгиче үч болот. Бул нерсени түшүнүү оор. Өнөр жолунда жүргөн кыздарга ушул үчүн түгөйүн табыш оор болот окшойт. Колдоо таба албадым. Мага машина алып бербесин, алтын, күмүш да белек кылбасын, мага болгону эле «Айзада, сенин колу ң дан келет, алга» деген колдоосу керек эле. Андан аркы жолубузду экөөбүз тең көрө албадык.

– Атаңдын кызы сыяктуу сезилдиң, чынбы?
– Атамдын кызымын. Үйдө «ата мекен» жана «апа мекен» деген эки партия бар. Биздин партияда атам экөөбүз элебиз. Каршылаш партияда апам жана бир туугандарым (к ү л ү п). Кыз киши атасына жакын болот окшойт, апам буга кээде таарынып калат.

– Байкасам, жеке баракчаңа мырзалар көп терс пикир калтырышат экен.
– Эркектин эркек эле болгону жакшы. Коомдо майдачыл, үйдө отурган эркектер көбөйдү. Менин эркин жашоо образым андай адамдардын жинине тиет. Анан колу да бош. Терс комментарий жазып бугун менден чыгарып албаса кыйналышат да. Бир нерсени эстен чыгарып коюшту, алардын деле мендей эже-карындашы, балким, кыздары бардыр. Мени алардын ордуна коюп, буга оор болуп калбасын деп эмнеге ойлошпойт? Болбосо алар менин ким экенимди, жашоодо кандай экенимди деле билишпейт. Инстаграмдан жашообуздун 15 эле пайызын көрүшөт, чыныгы жашоодо эч ким андай эмес. Мындай мырзаларга азыр көңүл деле бурбай калдым.

– Жашоодо сага эмне жардам берет, же эмне бут тосот?
– Өйдөлөп бараткан адамды ылдый тарта берген, түлкү болуп жойлогон адамдар болот. Ошондой адамдар жашоомдо тоскоолдуктарды жаратышат. Дос кыздарым өтө аз, санасам беш манжам да жетпейт болуш керек. Жашоомо спорт менен машыгуу жардам берет. Көп нерсеге жиним келгенде бирөөгө айткандан көрө машыгуу залына барып кара териң чыкканча машыгып алсаң эс алып каласың. Бирөөгө айтсаң эле эртең 5 адам сенин сырыңды билип калган болот. Андыктан өзүмдү өзүм коргоого спорт жардам берет.

– Орус тилинде расмий иш-чара алпарганыңды көрүп ар түрдүү пикир айтышты.
– Кыргыз мектепти бүткөм, ЖОЖдо да кыргызча окудум. Орусча билбей калуудан эмнеге уялыш керек. Биз татаалдаштырганды жакшы көрөбүз. Грузиндер деле өмүр бою орусча акцент менен сүйлөп жүрүшөт, аларды эмнеге талап жатып калышпайт. Бизде басымды туура койсоң эле баса калышат. Ош жергесинде «Түрксойдун» иш-чарасын алпарып жатканымда аябай толкундандым. Колу-бутум титиреп, дары ичсем да өзүмө келе албай койдум. Анан «орусча алпарат элем, катуу толкунданып ө з ү м ө келе албай жатам» деп апама чалдым. Апам жоошутуп, батасын бергенден кийин өзүмө келип жеңилденип алып чыктым. Аркасынан көп сөздөр айтылып жатат. Эми жаңылган эмес, жаңылам деп бир жерде коркуп отуруп алуу туура эмес. Коркпош керек.

– Ар бир адамдын ичинде бир жаныбар отурат имиш. Сеникинде ким отурат деп ойлойсуң?
– Арстан. Жылдыз белгим да арстан, жүргөн турганым да тарс-турс болуп жүрөм. Ичимде ушул жаныбар отурат болуш керек деп ойлойм.

ТАНДООҢ. айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения

– Инстаграм же Твиттер?
– Инстаграм.

– Байлык топтообу же саякатпы?
– Саякат.

– Үй-бүлөбү же карьерабы?
– Азырынча карьера.

– Шаар ичиндеги батирби же дачабы?
– Дача.

– Китеппи же уюлдук телефонбу?
– 50-50.

– Сырыңды апаңа же курбуңабы?
– Апама.

Источник

Айзада жамгырчиева биография год рождения

№949 11-17-февраль, 2021-ж.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения“АТАМА ОКШОШМУН”

– Бул жолу жашоомдогу мырзалар тууралуу кеп салып берейинчи. Алгач жаралышыма себепкер болгон инсан тууралуу сөз баштайын. Ар бир маегимде атамдын кызымын деп айтып келем. Кээде апама айта албаган сырларды атама айтам. Үйдө “Ата Мекен” жана “Апа Мекен” деген 2 партия бар. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү – атам жана мен. “Апа Мекен” партиясынын курамын калган үй-бүлө мүчөлөрү түзүшөт.

Атам мен үчүн асыл адамдардын бири. Таластыктар “э” тамгасынан “с” тамгасына чейин сөгүнүшөт эмеспи. Ишенсеңиз, атамдын ушул кезге чейин сөгүнгөнүн уккан эмесмин. Атам көп сүйлөбөгөн, токтоо, сабырдуу адам. Бирок бир жарылса катуу жарылат. Келбетибиз окшош. Эмнегедир, тааныштар атама окшоштурушса сүйүнүп кетем. Атам мага көбүрөөк жакын болгондуктан бир жерим ооруп калганда, маанайым түшүп турганда жүрөгү сезгенсип телефон чалып калат.

“АТАМ БИЛДИРБЕЙ СЫЙМЫКТАНАТ”

– Атам мени менен билдирбей сыймыктанат. Досторунун “кызың президент менен жолугуптур, жуубайсыңбы?” дегенин байкап калам. Аларды үйгө чакырып, кой союп берип мен үчүн “банкрот” болуп жаткан болот.

Атам жашык, жүрөгү жумшак киши. Таласка үйгө барып, кайра кетип баратканда “ата, жакшы калыңыз” десем эле бышактап коштошуп кетип калат. Көрсө, тамдын артына барып ыйлап алат экен. “Ата, күйөөгө тийсем кошо жашайсызбы?” деп калам (күлүп). Атам койлорун тоого жөнөтүп, 10го жакын кочкорду алып калып “кызым күйөөгө тийип калса” деп байлап багат. Эмгегин актап же кызы күйөөгө тийбейт. Аларды сатып, кайра кичинекейин алып жыл сайын убара болуп келет. Мурда айтчу эмес эле, өткөндө “кызым, турмуш кур” дегенде бир башкача болдум.

– Апам атанын ордун бийик көрсөтүп чоңойтту. “Атаң чечет, атаң билет. Тамакты атаң биринчи ооз тийсин” деп эле турчу. Байкоом боюнча, атам апама жакшы жолдош болгону үчүн азыркыга чейин алардын жылуу мамилесин көрүп “жок дегенде үй-бүлөм ушундай болсо экен” деп кыялдансам керек. Бири-бирине болгон жакшы көрүү сезимин байкап турам.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения“АГАМДАН КОРКОМ”

– Агамдын аты Замирбек. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы. Ал аябай сүрдүү. Атамдан эмес, агамдан сүрдөп кетем. “Эй” деп эле койгону мен үчүн кыйкырганга тете. Окуучу кезимде иш-чараларды алып барып же ырдап калсам апама барып “тетиги кызың сахнага чыгып алып ырдап, бийлеп жатат. Кой деп койбойсуңарбы, уят да” деп кыйкырчу. “Эмнеге уят? Менин кызым ырдайт, бийлейт” деп мага болушуп койчу.

Кийин-кийин жумушумду түшүнө баштады. Ырдап баштаганда “ырдабай эле койчу, сен журналистсиң го” дей берчү. Окуучу кезде байкемдин айынан жигиттер белек, кат бере алышчу эмес. Мен да ала алчу эмесмин. Анткени байкем жинди болчу. Бардыгын сапырып ийчү.

“ЖИГИТ ТУУРАЛУУ КЫЯЛДАНБАЙ КАЛДЫМ”

– Менин кесибимди түшүнгөнгө аракет кылды. Акырында “өзүнчө бололу” деп сүйлөшпөй калганбыз. Андан бери жигит менен жолугушууга барганым, кол кармашып сейилдеп басканым эсимде жок. Аны менен сүйлөшпөй калганыма бир жарым жыл болуп кетти. Ошондон бери “Айзада, кел, сүйлөшөлү” деген мырза жок.

Сүйүүгө туруктуу экенмин. Ошол 4 жыл сүйлөшкөн жигит менен азыркыга чейин жылуу мамиледебиз. Көргөн жерден сезимдер ойгонуп кетет. Анткени бактылуу мүнөттөр көп болгон. Шаардын сейил бактарында канча жолу сейилдеп бастык. Спортчу жигит болчу, чогуу чуркап калчубуз. Ошондуктан шаардын ар бир бурчу ал тууралуу эске салып турат. Аны менен кез келбегенге аракет кылам. Жолуксак мурунку сүйүүбүз тутанып кетпейби деп чочулайм.

Ал идеалдуу эмес эле, бирок мен үчүн идеалдуу болгонго аракет кылчу. Эки жолго түшкөнгө кызганыч, жумушум, жанымдагы мырзалар себеп болду. Жигит тууралуу кыялданбай калдым, эми мени кыялданышсын.

“ЭРКЕКТИН АКЫЛЫ “ДҮҮЛҮКТҮРӨТ”

– “Эркектин эмнеси дүүлүктүрөт?” деп сурап калышат го. Мени эркектин акылы “дүүлүктүрөт”. Мени менен сүйлөшө алган мырзага жолуккум келет. Спорттук дене түзүлүштө, бирок сөзгө жок, оюндагысын, сырын айта албаган, тамашаңды түшүнбөгөн жигит мен үчүн эмес. Лексусу, үйү болбой эле койсун. Эң негизгиси пикир алыша билген адам болсо зерикпей жанында отура берем. Ошондой адамга кезикпей жүрөм.

Калжаңдап тийишкен мырзалар болот. Кызыгы алар үй-бүлөлүү адамдар. “Эмнең жок?” дей баштаганда эле акырын тайып кетем. Анткени ким эмне менен дем алып жатканы эртең эле билинип калат. “Үй берейин” дегендер болгон. Кыргызда “бекердин берери бар” деген жакшы сөз бар. Мен үчүн ички сезимим, намысым таза болушу маанилүү. Отурган кыз ордун табат, тапканда да зорун табат эмеспи.

Источник

Айзада Жамгырчиева: Журналисттик билимимди шоу-бизнеске арнаганыма өкүнүп кетем

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения

Белгилүү теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева «24.kg» агенттигинде конокто болуп, чыгармачылыгындагы, жашоосундагы жаңылыктар менен тең бөлүшүп, биздин журналисттер менен маектешти.

— Айзада, чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болуп жатат? Кандай жаңы долбоорлордун үстүндө иштеп жатасыз?

— Менин 6 жылдык журналисттик билимим бар. Андыктан чыныгы журналист катары автордук аналитикалык программа алып чыксамбы деген ойдомун. Учурда ошол программанын үстүндө иштеп жатам. Кудай буйруса сентябрда эфирден көрүп каласыздар. Ага чейин дагы бир музыкалык долбоордун үстүдө иштеп жатам. Жакында Музыка телеканалынан чыгат. Андан тышкары өзүмдү алгачкы ирет тасма талаасында сынап көрдүм. Жакында эле мен тартылган тасма жарыкка чыкты. Ошол себептен боштукка убакыт жок.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения

— Автордук аналитикалык программамды даярдап жатам дедиңиз, программаңыз кайсы багытта? Шоу программалардан аналитикалык программага өтүп кеткениңизге эмне себеп болду?

— Бала кезимден диктор болууну кыялданып келчүмүн. Кийин бир-эки телеканалга барсам алар келбетиң жакшынакай, сүйлөгөнүң жакшы экен. Бирок биз сенден шоу-бизнес алып баруучусун көрүп жатабыз,- деген кеңештерин айтышкан. Ошондон бери маданий, көңүл ачуучу программаларды алып барып келем. Чынын айтсам буга чейин журналисттик билимимди шоу-бизнес тармагына арнаганыма бир аз өкүнүп кетем. Ошол себептен өзүмдүн автордук программамды алып чыгууну чечтим.

Чыныгы журналисттин бирден бир максаты- бул автордук программаларды даярдоо деп ойлойм.

Ал социалдык багыттагы кайрымдуулук программасы. Бизде жардамга муктаж инсандар абдан көп, мен аларга жардам берүүнү чечтим.

— Чыгармачылыгыңыз жаңылыктарга бай экен. Ал эми жеке жашооңузда кандай жаңылыктарыңыз бар?

— Аял заты үчүн эң маанилүүсү нерсе үй бүлө куруу деп эсептейм. Келечекте буйруса баатыр эне болом деп кыялданам. Негизи чыгармачыл инсандар эркиндикти жакшы көрөбүз. Андыктан мага мени тыйып — кыспаган, тескерисинче колдоп, жөлөк боло турган мырза керек. Жашоону түшүнгөн чыныгы менин адамым табылса, турмуш курганга даярмын.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рождения

— Сиздин адамыңыз кандай сапаттарга ээ болуусу керек? Мырзалардагы кандай сапаттарды жогору баалайсыз?

— Эң негизгиси жөнөкөй жана тарбиялуу болсун. Мен билимден дагы тарбияны өйдөрөөк коём. Ошол себептен чыныгы мырзалык сапатка ээ, эрктүү жигиттер жагат.

Кыздар ак боз ат минген жигитти кыялданып, турмушка чыкпай жүрө беребиз. А бирок чыныгы турмушта ак боз ат эмес, эшек минген бирөөгө тийип калышыбыз мүмкүн. Андыктан жашоо биз ойлогондой боло бербейт. Мен үчүн эң негизгиси ыйманы жана тарбиясы бекем мырза болсо болду.

— Эс алуу күнүңүздү кантип өткөрөсүз жана сулуулугуңузга кандай кам көрөсүз?

— Мен жумушумдан эс алам. Жумуш кылгандан, эфирге чыккандан, жакшы программа жасагандан эс алам. Эл менин программамды көрүп, ошону кеп кылса мен үчүн ошол эс алуу, ошол чоң дем. Алдыга жылуу үчүн чоң өбөлгө. Менин эс алганым жумушта жүргөнүм. Программаны даярдоо, көпчүлүк менен баарлашып, пикир алмашуу мага рахат тартуулайт. Эс алуу үчүн атайлап эч жакка барбайм. Кээде шардагы кафелердин бирине барып жалгыз отуруп, өзүмө жаккан нерсени жеп, социалдык түйүндөргө кирип жаңылыктарды окуп өзүмдү алаксытам.

Ал эми келбетиме ашыкча деле кам көрө бербейм. Кудай берген сулуулук менен жүргөндү жакшы көрөм. Болгону жеген тамагымды көзөмөлдөп, туура тамактанууга аракет кылам.

Маегиңизге рахмат, ийгилик!

Источник

Айзада жамгырчиева биография год рождения

№933 22-28-октябрь, 2020-ж.

айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть фото айзада жамгырчиева биография год рождения. Смотреть картинку айзада жамгырчиева биография год рождения. Картинка про айзада жамгырчиева биография год рождения. Фото айзада жамгырчиева биография год рожденияТартынбай ачык-айкын сүйлөйт ушу кыз. Маек да дал өзүнүн мүнөзүндөй ачык болду. Улакчы жигиттерди жактырган, кичинесинде күнүнө 40 миң сом тапканын айткан, сыртынан шар мүнөз, бирок өзүнүн дүйнөсүндө назик Айзаданын жан дүйнөсүнө саякат жасадык.

– Айзада, акыркы жарым жыл элге кошо шоу-бизнестегилерге аябай эле залакасын тийгизди көрүнөт?

– Азамат, жакында ата-энеңе үй алып бердиң. 24 жашында мындай белек алып берген кыздар аз болуш керек?

– Өзүңдү эркин алып жүрөсүң. Бул табиятыңданбы же тарбияданбы?

– Көбүнчө мага апамдын салымы чоң болду окшойт. Анткени мектепте “кимдин кызы коңгуроо кагат?” десе, “меники кагат” дечү. Элдин алдында ыр окутчу. Өзү мугалим менен сүйлөшүп туруп маңдайына отургузчу. Күндөлүк эмес, дептериме чейин тыкыр текшерип турчу. Негизи мен элдин алдына чыккандан уялчумун. Апам тойлорго алып барып “менин кызым ырдайт” деп жүрүп элдин алдында тартынбаганга үйрөттү. Тойлордо мага акча кыстарып койсо аябай сүйүнүп, элдин алдына чыгууга кызыгуу башталды. Атам тост сүйлөп туруп “кызым ырдап койсун” деп койчу. Баланын жөндөмүн көрүп ата-эне ачыш керек экен. Эки бетим кыпкызыл болуп эл алдында турган учурларым биринчи кадамдарым экен. Бир чети табияттан да болуш керек. Мисалы, эжемди сүйлөтүш кыйын, чукулап да сүйлөтө албайсың, болбосо бирдей эле тарбия алдык. Байкем да көп сүйлөй бербейт. Ошол үчүн табияттан да, тарбиядан да болуш керек. Кийин чөйрөм таасир берди. Көп учурда эркектердин арасында жүрүп ачык-айкын, тарс-турс жүрүп көнүп калат экенсиң. Досторумдун көбү эркектер.

– Эркин кармаганы менен, кайсы бир жерде сөзсүз чектөө болот эмеспи. Ата-энең сени эмнеден чектешчү?

– Жигиттер менен сүйлөшкөндөн чектешти. Отуруш, чогулуш дегенге эч жиберчү эмес. Ошол үчүн жигиттер менин жашоомдо кечирээк пайда болду. Эң биринчи жолу 2-курсумда жигит менен сүйлөштүм.

– Социалдык тармактагы баракчаңдан “эрге тием деп эле бүтпөйт” деген сыяктуу комментарийлерди окудум. Кандай комментарийлер жиниңе тиет?

– Диванга жатып алып эле өзү көрүп тургансып жаза беришет. “Мунун “папиги” бар да, болбосо кайдан акча тапмак эле?” деген сөздөрдү жазышат. Мени такыр эле бузуку кыз кылып көрсөтүп салышкандар бар. Өздөрүндөгү төшөк мамилесин ошол жерде талкуулашат. Ошонун көбү эркектер. Тырмышып акча таап жүргөн аялзатын көрүп колдорунан эч нерсе келбей, анан кыжырын мага төгүшөт окшобойбу? Башында аябай жаман болчумун, азыр көнүп калдым. Бирок менин да талуу жерим бар. Ал – ата-энем. Кээде апам менен сүрөтүмдү киргизсем “өзүң жасангыча апаңдын чачын боёп койбойсуңбу?” деп кийимине чейин асылгандар бар. Ошондо ичимден ажыдаар Айзада ойгонуп кетет да, ошол адамды таап мушташып кетчүдөй абалга жетем. Ата-энем айылдын кишилери, алар ыңгайлуу кийинишет, жасанып-түзөнгүлөрү келбейт. Табияты ошондой.

– Сатып кеткен дос тууралуу пост жаздың. Комментарийге “бул Анжеликабы?” деп да жазышты.

– Жок, Анжелика айым эмес, өзүм теңдүү эле жакын дос кызым болчу. Аркамдан сүйлөп жүргөнүн угуп жиним келди. Негизи эле артымдан сүйлөнгөн сөздөр жакпайт. Өзүм жан дүйнөмө көп кишини киргизе бербейм. “Подружкам, жаным, чмоки-смоки” деп деле сүрөт киргизбейм. Ашып кетсе сырымды, маселелеримди билген, түшүнгөн эки дос кызым бар. Спортчу Айсулуу Тыныбекова да дос кыздарымдын бири. Ал дагы мага окшоп ачык-айкын жүргөн эркек мүнөз кыз болгону үчүн тил табышат окшойбуз.

– Жашооңдо өзүңдөй ишенген досуң барбы?

– Сен тагдырыңды, жашооңду бир эркекке ишенип тапшырып койгонго даярсыңбы? Татыктуусу жолукса.

– Жок, толугу менен бирөөгө өзүмдү бере албасам керек. Анткени мен жүрөк менен сүйгөн айымдарга кирбейм. Мен акыл менен сүйөм. Менде башым айланып баарын унутуп койгон сүйүү болгон эмес. Мага болгон мамилеси, ишеними маанилүү. Ушунча эмгек кылып Айзаданы жасап койгондон кийин бирөө келип “карьераң же үй-бүлө” десе, мен мурунку Айзаданы чийип коё албайм. Ал мени карьерам менен кошо кабыл алышы керек. Ошондой эркек жок.

– Сыртыңдан аябай ишенимдүү көрүнөсүң. Чын эле ишенимдүүсүңбү же бул образбы?

– Эфирде, сахнада ишенимдүү болбогонго арга жок. Өзүмө ишенүү – бул менин жумушум. Бирок жашоомдо мен өтө алсыз кызмын. Мени тез эле ыйлатып койсо болот. Бирок алсыз болсоң, азыр сени жеп кете тургандар көп, күчтүү болушуң керек. Мени коргоп ала турган адам табылганда алсыз эле аял болуп калам.

– Ал кандай жигит? Мырзаларга кулак кагыш кылалы.

– Ал Инстаграмга сүрөт киргизбеген, жасанбаган, ишеничтүү жигит. Кандай кесипке ээ экени деле кызыктырбайт. Кыскасы, кыргыз жыттанган жөнөкөй жигит керек.

– Сүрөттөгөнүңдөн көз алдыма улакчы жигиттер тартылды.

– Бойдок улакчыларга болгон кулак кагыш менен маегибизди аяктайлы. Ийгилик коштой берсин!

«Супер-Инфо» гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу «Супер-Инфо» гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Источник

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *